Коллектив педагогикалык адистер менен толукталган: жогорку билимдүү -75% пайыз,орто билимдүү -15% мугалимдер түзөт.Административдик кызматкерлер профессионалдарждан турат.Мамлекеттик программалардын аткарылышы конролдонот,ар кандай деңгээлдеги билим берүү мекемелери сунуш кылган методика өздөштүрүлөт жана колдонулат.Мугалимдер мамлекеттик мекемелер тарабынан уюштурулган курстарга,семинарларга жана тренингдерге катышып,жалпы билим берүү уюмунда квалификациясын жогорулатуу менен педагогикалык чеберчиликтин деңгээлин дайыма жогорулатып турушат.Билим берүү чөйрөсүндөгү инфраструктурасы өнүккөн,кружоктор жана секциялар иштейт.
Каражаттын жетишсиздигинен коопсуздук кызматы жана медициналык персонал жок.Мектептин улуу муундагы педагогторунун кээ бирлери компьютердик сабаттулукту толук өздөштүрө албай жатышат.
Мектептин аймагына жакын жерде жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн болушу.
Өлкөнүн санариптештирүү программасын ишке ашырып, мектеп мугалимдеринин интернет-ресурсун колдонуп, “Эл мектеп” электрондук күндөлүгүн, “Жаңы китеп”, ИСУО маалыматтык системалары менен иштешет.
Сунуш-көрсөтмөлөр: Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча ишти улантуу
Мектептин өрт коопсуздугунун жарым-жартылай жетишсиздиги. Интерактивдүү доскалардын, проекторлордун, телевизорлордун, компьютерлердин жетишсиздиги.