Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

1982-жылы жаңы мектеп курулуп, ишке киргизилген.

Мектептин толук аталышы: Аманкул Куттубаев  атындагы жалпы орто билим берүү мектеби , Юридикалык дареги: 724804  КР Чүй облусу, Сокулук  району, Белек  айылы, Ашымкан көчөсү № 33

Сазбулак жергесинде 1926-жылы салынган биринчи мектеп «Чоӊ үшкөл» деп аталган. Айыл ичиндеги, ал кездеги Калинин айылы, 40-жылдардан баштап Калинин орто мектеби деп аталгандан.Андан  бери мектепке 70 жыл болду.

З.Кайназарова атындагы айыл окмотунун чечими менен Калинин орто мектеби 2004-жылы 20-февралынан баштап Аманкул Куттубаев атындагы орто мектеп деп аталып келатат.

70 жылдан бери мектепти жетектеп келген директор агай-эжелердин ысымдарын атасак:

  1. Жангарачев Кемель – … -1949-ж.
  2. Иманалиев Азамат – 1950-1953-ж.
  3. Искаков Курмантай – 1954-1957ж.
  4. Молдосопиев Белек – 1958-1963-ж.
  5. Алыпсатаров Дуйшенкул – 1964-1968-ж.
  6. Жумашов Алмабек – 1969-1970-ж.
  7. Садыров Каналбек – 1971-1972-ж.
  8. Токтоназаров Токтогазы – 1973-1977-ж.
  9. Садыров Каналбек – 1978-1979-ж.
  10. Букарбаев Аскарбек – 1979-1983-ж.
  11. Эмильбеков Камчыбек – 1984-1990-ж.
  12. Маматов Канат – 1990-1996-ж.
  13. Жакеева Сыйнат – 1996-1999-ж.
  14. Токкожоев Рашид – 1999-2001-ж.
  15. Мамбетова Бейшен – 2001-2015-ж.
  16. Аскарова Айдайгуль Исмаиловна -2015-2021-ж
  17. Садырова Айгуль Мукамбетовна- 2021-ж баштап А.Куттубаев атындагы жалпы ортотбилим берүү мектебинде директор болуп эмгек тенет

СССРге, Кыргызстанга атагы угулган, биздин айылдан чыккан белгилүү адамдар да аз эмес:

-2 жолку Социалистик эмгектин баатыры З.Кайназарова

-Ленин жана Эмгек Кызыл-Туу ордендеринин кавалери Татина Дегембаева

-белгилүү режиссер, драматург Аманкул Куттубаев

-анын бир тууганы актер Асанкул Куттубаев

-балдар жазуучусу Дуйшон Сулайманов

-юрист Жамалбек Саткеева

-профессор, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов

-журналист Ниязалы Усупбеков

-Кыргыз радиосунун Ардактуу диктору Бекташ Акматов

-Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ага окутуучусу , доцент Анара Мамбетова ж.б.

Белек айылдын мектебин бутуп кеткен , Кыргыз Республикабыздын тарыхын түзгөн, аттары алыска угулган ардактуу адамдар;

-легендарлуу парламенттин спикери , саясатчы Медеткан Шеримкулов

-белгилүү актер Орозбек  Кутманалиев

-драмтеатрдын актеру Болот Шалтаев

-жазуучу Оскон Даникеев  ж.б

Айылдын , мектептин атын алыска тааныткан окуучуларды ошол учурда окуткан мугалимдер: , Айна Жумабаева ,Адия Шеримкулова , Калдарова Чимиян , Бекиш Дыйканбаев ,Садыров Каналбек  Бектурган Суюмбаев,  Бекмырза Токкожоев, Ашуудан Молдобаев, Калысбек Кунтубаев,  Мыктыбек Алымкулов ,Алымкулова Буку, Бактыгуль Алиева ,Курманжан Мамбетова ж.б

Азыркы учурда ардактуу эс алууда жүргөнүнө карабастан , мектеп менен байланышты үзбөй, акыл насаатын, кеӊештерин айтып, жардамын берип турган ардагер эже-агайларыбызга мугалимдер жамааты абдан ыразыбыз. Бул биздин сүйүктүү эже-агайларыбыз:   Чотоева Мартбубу , Жакеева Сыйнат, Жанышаева Майрамкул, Иманалиева Эркин, Мусакеева Жанар, Эгембердиева Батмакан, Карагулова Акыл эжелер.

2021-жылдан баштап мектеп директоруСадырова Айгуль Мукамбетовна, окуу-бөлүмүнүн башчысы Кочербаева Ж.Д., тарбия иштери боюнча Бейшенбекова М.Б. жана соц.педагог.Турдакун кызы Айнагуль.

 

Мектеп төмөндөгү нормативдик-укуктук документтердин негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт:

  • юридикалык жактан мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (ГПР №0088296 код ОКПО-23393580,ИНН 01012200310142 регистрация № 104049-3308-У-е 10.12.2003)
  • устав (ГПР № 0088296 10.12.2003-ж)

Мектеп Белек айылында жайгашкан, Сокулук районунун борборунан аралыгы 7 км.

Мектепте негизинен Белек айылынын жашоочуларынын балдары жана жакын аралыкта жайгашкан дачадан келген окуучулар окушат.

А.Куттубаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби КРнын «Билим берүү» жөнүндө мыйзамын, Билим берүү министрлиги тарабынан  берилген жоболор, көрсөтмөлөр, буйруктар, методикалык каттар, билим берүүнүн жаңы стандарты жана мектептин уставынын негизинде билим берүүнүн башталгыч, негизги, орто мектептеринде окуу программаларын аткарууда.

Мектептин жалпы стратегиялык милдети: билим берүү чөйрөсүндөгү окуучулардын чыгармачыл өзүн-өзү келечектке калыптандыра алган, иш билгич, турмушка даяр бүтүрүүчүнүн моделине багытталган.

Мектеп өзүнүн стратегиялык планында, миссиясында, билим берүү максатында окутуудагы күтүлүүчү жетишкендиктерге умтулат.

 

32МЕКТЕПТИН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ:

Билим берүү мекемесинин негизги максаты — учурдагы тарбиялоонун негизги жаӊы ыкмалары менен ийкемдүү механизмдерди таап, аларды андан нары өнүктүрүү. Билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, окуучулардын жекече билимге болгон көз карашын өнүктүрүү, ошондой эле инсандын чыгармачыл өнүгүүсүн, азыркы шартта өз ордун тапкан инсанды тарбиялоо.

Жогорку максаттарын ишке ашыруу үчүн төмөндөгүдөй маселелер келип чыгат:

1. Ден соолугу чын инсанды калыптандыруу,кам көрүү; балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата жүктөмдөрдү берүү; спорттук секцияларга окуучуларды тартуу; ден соолугу начар окуучулардын арасынан атайын топторду уюштуруу;

  1. Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү; окуучуларга чыгармачылык шарттарды түзүү менен ийримдерди уюштуруу; предметтик олимпиадаларды өткөрүү; ар кандай класстан тышкаркы конкурстарды уюштуруу жана аларды тартуу;
  2. Чыгармачылык менен иштөөдө мугалимдер жамаатын калыптандыруу үчүн оптималдуу жүктөм менен камсыз кылуу; жаны технологияларды өздөштүрүүсүнө көмөктөшүү; тажрыйба алмашуу максатында семинарларды өткөрүү; чыгармачылык изденүүгө дем берүү.

МЕКТЕПТЕ ОКУУНУН УЮШТУРУУ ШАРТТАРЫ ЖАНА ЖҮРҮШҮ

2022—2023-окуу жылында окуу процесси бир сменде жүргүзүлөт. Башкача айтканда окуу оруну 320 окуучуга ылайыкташкан. 2022-жылдын 1-сентябрына карата

окуучулардын саны 228 окуучу,анын ичинен 105 кызды түздү.

Мамлекеттик стандарт боюнча иш алып барат.Ошондой эле мектеп компоненти бар.

Мектепте билим берүү маршруту:

Мектепке чейинки даярдоо
«Наристе»программасы
Окутуунун биринчи баскычы
·         башталгыч класстарга билим берүү
Окутуунун экинчи баскычы
·         негизги жалпы билим берүү
·         мектеп компоненти,гуманитардык илимдерди окутуу
Окутуунун үчүнчү баскычы
·         толук орто билим берүү

 

1.Мугалимдердин жаны окуу жылындагы жүктөмү мектеп жетекчилиги, профсоюз комитети тарабынан бекитилет.

2.Сабактардын жүгүртмөсү мектеп жетекчилиги  тарабынан мугалимдердин убактысын эске алуу менен түзүлөт.

3.Техперсоналдын иштөө мөөнөтү мектеп директору тарабынан график боюнча бекитилет.

4.Мектеп администрациясы, мугалимдерди мектеп боюнча күзөткө турууга милдеттендирет.Күзөткө туруу сабак башталганга чейин 20 минут эрте башталат.Күзөткө туруу тартибинин мөөнөтү мектеп жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан бекитилет.

5.Күзгү, кышкы, жазгы эс алуу мезгилинде мугалимдер ишке тартылышат жана убактысы бир күндүк иш күнүн ченеминде болот.

6.Педагогикалык кеӊешме ар бир чейрек бүткөндө жүргүзүлөт.

7.Усулдук бирикмелердин кеӊешмелери чейрек сайын өткөрүлөт.

8.Жайкы өргүүгө чыгуунун мөөнөтү  мектеп жетекчилиги жана профсоюз уюму тарабынан бекитилет.

Микроучастоктордо окуучулардын контингенти:

Аз  камсыз болгон үй-бүлөлөр — 4, республиканын ичиндеги аймактардан кочуп келгендер — 58, социалдык абалы  начар уй-булонун балдары — 5

Улуттук составы: 100% кыргыз

Мектеп Сокулук районундагы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнө карайт. Мектептин аймагында 230 — жакын түтүн бар, Белек айылына жакын дачалар жайгашкан.Дача участогунан 58 окуучу биздин мектепте окуйт.

2021-2022-окуу жылынын башында 11 класс-комплект, 1 даярдоо класс. Окуучунун саны 227окуучу + 26 окуучу (даярдоо класс).Бардыгы 227 окуучу. Анын ичинен 1-4-класстарды-94, 5-9-класстарда-95, 10-11-класстар быйылкы окуу жылда жок.

Мектепте спорт ийрими иштейт. Ийримдин жетекчиси Күнтүбаев И. Спорт ийримине 40 окуучу катышат.Кошуна айылдарга достук турнирлерди уюштуруп волейбол,футбол,баскетбол оюндарын  кубокторго ойношот.  Бирок,мугалимдин билими орто болгондуктан  спорт оюндардын терминдерин,эрежелерин жакшы өздөштүралбай келет.Ошондон балдардын зоналдык таймаштарда орун албаганы  себеп.Мектептин спортзалында  мектептин бутуруучусу Ооганчы Жумагулов Жыргалбек  атындагы  дзюдо секциясы бир жумада 3 жолу  иш алып барат.Тренер Сагыналиев М. тарабынан жылына  коӊшу Казакстан,Россия  мамлекеттеринин спортсмендери менен турнирлер өтүлөт.Биздин мектептин окуулары 1-2-3-орундарды ээлеп ,медаль кубоктор жана грамоталар менен сыйланышат.Окуучулар спорттук оюндардын түрлөрүнө кызыгуу менен катышышат.Белек айылыбыздын жанында ат майданы  жайгашкандыктан окуучулар  ат оюндарына кызыгышат.Биздин бүтүрүүчүлөр Кытай,Америка цирктеринде Кыргыз Улуттук ат оюндарын даӊазалайт.

МЕКТЕП ИЧИНДЕ КАДРЛАР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАНА МОРАЛДЫК-ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТΥЗΥЛГϴН ЧϴЙРϴНΥН ДЕӉГЭЭЛИ

Педагогикалык кадрлар менен иштөөдөгү багыттар:

— Жаңы муундун стандартына ылайык жаңычыл мугалимдерди жаратуу.

— Мугалимдердин чыгармачыл ишине түрткү берүү.

— Мугалимдердин билим берүүнүн жаңы технологияларын өздөштүрүүсүнө багыт  берүү.

Мектепте тажрыйбалуу, тийиштүү билимге ээ, компетенттүү педагогдор, кадрлар эмгектенет. Педагогикалык коллектив 20 мугалимден турат. Ар бир мугалим тийиштүү педагогикалык билимге ээ:  жогорку билимдуу-16 мугалим,жалпы орто-4 (дене тарбия мугалими).Бардык мугалимдер  окуу процессинде өз ыкмаларын колдонуу менен, окуучуга татыктуу билим берип келишет.

6 мугалим «КРнын билим берүүнүн мыктысы».40 жыл педагогикалык стажысы бар химия сабагынын мугалими Мамбетова Б. «Кеменгер»төш белгисинин ээси, Садырова А.М.орус тили сабагынын мугалими КР  3-мугалимдер съездинин делегаты болуп, 4 мугалим Билим берүү Министрлигинин Грамотасына ээ.
Пенсия жана пенсияга курагына жакындап калган мугалимдердин саны-7.

НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА АЛДЫГА КОЮЛГАН МАКСАТТАР
1.Бардык предметтерди тереӊ окутуу жана окуучулардын кызыкчылыгын эске алуу менен үзгүлтүксүз башталгыч жана орто билим берүүнү камсыз кылуу.
2.Мектеп, ата-энелер жана жергиликтүү коомчулук мене тыгыз байланышта болуп,инсанды коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгын сактай билүүгө окутуу жана тарбиялоо,ошондой эле ден соолугун сактоону камсыз кылуу менен,инсандын ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзүү.
3. 9,11-класстардын окуучуларынын ата-энелери, мектеп жана коомчулук менен тыгыз байланышта болуп алардын мүмкүнчүлүгүн таанып билүү менен, кызыкчылыгын жана шыктарын эске алуу.
4. Билим башаты 1-11-класстарда сапаттуу билим алуусуна абдан тез өзгөрүлгөн дүйнөдө билим берүү процессин индивидуалдаштыруу аракети менен жаӊы билим берүү технологиясын киргизүү.
5.Ар бир окуучуну ,инсандын социалдык өнүгүүсүнө багытталган окууну жана балдардын өзүн,үй-бүлөсүн,Ата-Мекенин,дуйнөнү,жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо.
6. Алдынкы тажрыйбалуу мугалимдердин иш тажрыйбасы астында мугалимдердин кесиптик деӊгээлин жогорулатууга шарт түзүү. Профессионалдуулугун арттыруу максатында жаш мугалимдерге усулдук жардамдарды берүү иш тажрыйбаларын жайылтуу,жаш кадрларды көбөйтүү.
7.Мектептин материалдык базасын жана китепкана менен окуучунун ортосундагы байланышты чындоо жана окуучулардын окууга болгон кызыкчылыгын жандандыруу менен тереӊ билим алууга өбөлгө түзүү.

МЕКТЕПТЕ МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДЫЛЫШЫ
Мектепте КРнын эмгекти коргоо мыйзамына жана техникалык, өрт коопсуздугунун  нормасына ылайык санитардык-гигиеналык талаптар сакталган. 11 окуу канаасы, 1 лаборатория, 1 информатика кабинети, китепкана,1 спорт зал,1 спорт аянтча, футбол аянты жана 40 орундуу ашкана иштейт. Азыркы мезгилде «тамактанууну оптималдаштыруу» боюнча МЕРСИ-КО Эл Аралык уюмуна азыркы замандагы ашкана жабдууларына долбоор жазылды.

Мектепте 10 компьютер, 2 принтер,  3*1 ксерокөчүрмө, 3 проектор бар. Бардык кабинеттерде жаш өзгөчөлүктөрүнө карап, эмеректер коюлган,доскалары, шкафтар, 10 кабинет телевизор менен камсыз болгон.

Мектеп ЮСАИД Эл Аралык уюму ,Тынчтык Корпус  уюмдары менен тыгыз байланышта болуп 2 муун волонтерлор менен иш жургузулду:

-2011-жылы ЮСАИД Эл Аралык уюму тарабынан мектептин жылытуу системасы 7000000 сомго ремонттон өткөн: эшиктер жаӊыртылган,терезелер пластик терезелерге алмашылган,бир нече регистрлер толукталып,от жагуучу жерден мектепке чейинки трассадагы трубалар алмаштырылган.

-Тынчтык Корпусунан Йен Савики волонтердун жана англис тили сабагынын мугалими Аширбаева М.Э менен биригип жазган проектисинин негизинде мектептин англис тили кабинети, директордун жана усулдук кабинеттердин ремонту жасалган (60000 сом.).

-Вилоуби Б. волонтер менен бирге мугалимдер арасында тренинг, семинарларды өткөрүп, «Ден соолук», «Гендердик тендик», «Туберкулез», «СПИД» ж.б. актуалдуу темалар боюнча диспуттарды өткөрүштү.

Демөөрчүлөр менен тыгыз байланыш түзүп ,билим берген, тарбиялаган мугалимдерибиздин эмгек жолу тарыхта түбөлүккө сакталсын жана кийинки муундарга үлгү болсун деген максатта биздин мектепте демөөрчүлөрдун күчү менен мугалимдердин ысымы  аталган кабинеттер ачылууда:

1.Д.Сулайманов-балдар жазуучунун ысымы башталгыч класстын канаасы.

2.А.Куттубаев- режиссер, киноактер — башталгыч класстын канаасы.

3.Т.Акынов-педагог,химик — информатика канаасы.

4.А.Шеримкулова -кыргыз тили жана адабият мугалиминин ысымы кыргыз тили канаасына ыйгарылган.

5.Б.Эгембердиева-орус тили жана адабият мугалиминин ысымы орус тили

канаасына ыйгарылган.

6.Ч.Калдарова — акын, кыргыз тили жана адабият мугалиминин ысымы «Манас таануу»канаасына ыйгарылган.

7.Б.Суюмбаев –химия сабагынын мугалими-химия,биология канаасына ыйгарылган.

8.Б.Дыйканбаев-тарых сабагынын мугалими — тарых канаасына ыйгарылган

9.М.Алымкулов жана Б.Алымкулова  — башталгыч класс мугалими-башталгыч класс канаасына ыйгарылган.

  1. С.А.Акматова — математика сабагынын мугалими – математика канаасына ыйгарылган.

Кабинеттердин эмеректери,парталар,видеопроекторлор (3),телевизорлор, ноутбук, тематикалык стендтер,китептер менен демөөрчүлөр тарабынан жабдылган. Май айынын 2017-ж.10,20-жылдык  бүтүрүүчүлөрү  мектептин сырткы территориясын 80000 сомго тосуп беришти. Окуучулар айылдын «Афганчылар» уюму тарабынан жыл сайын спорт буюмдар менен камсыз болот.

«Мегаком»компаниясынан «Мега Билим» долбоорунун негизинде мектепке 7 компьютер берилген.Мектеп интернетке кошулган, бул мугалимдердин, окуучулардын электрондук ресурсту пайдалануусуна мүмкүнчүлүк берет.

БУУ ДАТПнын «Кыргыз Республикасыныны мектептериндеги тамактандырууну оптимизациялоо» программасынын алкагында мектепте тамактандырууну өнүктүрүү боюнча долбоордун 10-потогуна кирдик. Ашканага  айыл өкмөтү тарабынан 555 000 сом бөлүнүп берилип, ремонт жүргүзүлдү. Долбоор тарабынан ашкана тамак-аш, нан бышыруучу меш, муздаткыч, идиш-аяк жуучу рокавин, текчелер ж.б. менен камсыз болду.

Аманкул Куттубаев атындагы орто мектеби билим берүүнүн жаӊы баскычына көтөрүлгөн. Инновациялык өнүгүүнүн социалдык жекече өсүштүн чегинде турат. Билим берүү мекемеси мамлекеттик нормативдик базасын негизинде иш жүргүзүлөт. Коомдук-мамлекеттик башкарууга өткөн, адамдын, коомдун социалдык талаптарына жооп берет. Балдар укугун камсыздоо менен сапаттуу билим алууга шарт түзөт. Психикалык жактан компетенттүү болууга мектеп жашына жеткенден баштап багыттайт. Билим берүү мекемеси жогорку билимдүү кадрлар менен толукталган. Билим берүү мекемеси, коом, жогорку, атайын окуу жайлар жана Сокулук РБББ менен ар дайым биргеликте иш алып барат. Мектеп окуучуларды сөз маданияттуулукка, сүйлөө маданиятына, ой жүгүртүү маданиятына жардам берет, багыттайт.

 

 

 

Эмблема 

Биз жөнүндө

 

Гимназиянын концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Гимназиянын усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета