Мугалимдер күнү менен!
Урматтуу мугалимдер, кымбаттуу агай-эжелер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Биздин коомубузда ар дайым мугалимге карата урмат-сый, жылуу сезим сакталып келет. Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы.
Коронавирус пандемиясынын шартында да окуучуларга билим берүү ишин үзгүлтүккө учуратпай, аны тынымсыз улантууга зарыл болгон өзгөрүүлөрдү кыска убакытта ишке ашырдыңыздар.
Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, жаш муундарды окутуп-тарбиялап жаткан асыл ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!
Комментарии